Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 05.11.2019 09:40 На русском

Айыл турмушу: Иттин терисинен бут кийим, маасы тиккен А.Мадрахимов өнөрдү 10 жашында үйрөнгөн

Turmush -  Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 60 жаштагы тургуну Абдулла Мадрахимов 50 жылдан бери тикмечилик менен алектенет. Ал бут кийимдердин жана маасынын түрүн тигип киреше табат. А.Мадрахимов бул өнөрдү атасынан үйрөнүп, учурда өзү да баласына үйрөтүп жаткан кези. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Абдулла Мадрахимовдун чоң аталары дагы тикмечилик менен алектенишкен. Ал бул өнөрдү аркалап жаткан үй-бүлөнүн төртүнчү мууну. Абдулла мырзанын айтымында, тикмечилик кесипти 10 жашынан тарта өздөштүрүп, атасынын жардамчысы болуп иштеген. 60 жашка толуп калса да өтүк, маасы тиккенден тажай элек.

«Кыш мезгили жакындап калгандыктан маасыларга буйрутма бергендер көбөйдү. Аларды кечиктирбей даярдап бергенге аракет кылам. Атайын буйрутма берип, бут кийим тиктирип кийгендердин саны арбын. Негизи бут кийимдин баасы сапатына жана булгаарынын түрүнө жараша болот. 1 миң 500 сомдон 7000 сомго чейин сатыкка чыгарылат. Аларды даярдоодо көбүнчө уй, кой, эчки жана иттин терилери пайдаланылат. Бут кийимдердин ички бөлүгү дары чөптөр менен кайнатылып даярдалган тери менен капталат. Бул буту ооругандарга пайдалуу. Мага көбүнчө мүмкүнчүлүгү чектелген, турмуш шарты оор жарандар кайрылышат. Аларга баасын арзынараак кылып жасап берем. Ал эми каалоочуларга бут кийим жасоону акысыз үйрөтөм. Бирок бул өнөрдү үйрөнүүдө адамга чыдамкайлык жана сабырдуулук керек», - дейт Абдулла Мадрахимов.

Анын айтымында, бут кийимдерди жасоодо сапатына жакшы көңүл буруш керек. Колго тигилгендиктен, бириктирилген жерлерди дыкат текшерүү абзел. Ал эми булгаары Түркиядан, ички кездемелери Бишкектеги фабрикадан чыгарылат. Аялдар үчүн тигилген маасылардын жылтыраган сырткы катмары Индиядан алынып келет.

Учурда Абдулла мырзанын устаканасында өзү менен кошо уулу жана 2 шакирти эмгектенет. Үй-бүлөлүү, 4 кыз, 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×