Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ош облусуАлай району 05.11.2019 14:44 На русском

«Иркештам» өткөрмө пунктунда инспекциялык-текшерип кароо комплекси пайдаланууга берилди. Сүрөт

Turmush -  Алай районундагы «Иркештам» алдын-ала бажы жол-жоболоштуруу жайында инспекциялык-текшерип кароо комплекси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Инспекциялык-текшерип кароо комплекси модернизацияланып, бүгүн, 5-ноябрь күнү өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда пайдаланууга берилди. Аталган долбоор Кыргызстан менен Россия мамлекеттеринин өкмөттөр аралык келишимине ылайык ишке ашкан.

Мамлекеттик бажы кызматынын бажы көзөмөлүн уюштуруу башкармалыгынын башчысынын орун басары Алмаз Салиевдин айтымында, комплекс бажы кызматынын ыкчам иштешине өбөлгө болуп, жумушун жеңилдетет.

«Буга чейин бир жүк ташуучу унааны физикалык кароодон өткөрүү үчүн 2 сааттан ашык убакыт кетсе, эми рентгендин жардамы менен аны 10 мүнөттө текшерип коюуга болот», - деди А.Салиев.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×