Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ош облусу, Ош 06.11.2019 14:51 На русском

Ош шаарынын Арек айылында жаңы бала бакча курула баштады

Turmush -  Бүгүн, 6-ноябрда Ош шаарынын Арек айылында жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 120 орундуу бала бакчанын пайдубалына капсула салуу аземине мэриянын жетекчилиги жана шаар тургундары катышты.

«Шаарда бала бакчалардын жетишсиздиги байкалып турган мезгилде бул бала бакча өсүп келе жаткан келечек муундарыбызга биздин белегибиз болмокчу. Курулушту ылдамдатып, сапаттуу курууга өзгөчө көңүл буруу менен бирге тендерлерди ачык-айкын өткөрүү аркылуу шаар үчүн абдан зарыл болгон каражаттарды үнөмдөөгө да жетиштик. Имарат жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп жатат», - деди шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов.

Курулуштун тендердик баасы 22 млн 947 миң сом. Жалпы аянты 1299 чарчы метр. Ош шаарында быйылкы жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 бала бакча курулуп жатат. Жакынкы күндөрү Ак-Тилек аймактык кеңешинде да жаңы бала бакчанын курулушу башталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×