Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ош облусуЧоң-Алай району 11.11.2019 16:45

Сепке деген килемди сатып окууга өтүп, 2 тонна картошка менен карызын төлөп гезит чыгарган Үпөл Ысакова

Үпөл Ысакова
Үпөл Ысакова

Turmush -  Үпөл Ысакова «Чоң-Алай жаңырыгы» гезитин түптөгөн адамдардын бири. Ал 2000-жылы райондук мамлекеттик администрациянын жетекчилигине гезит уюштуруу демилгесин сунуштап, ошол жылдын июль айларында гезиттин алгачкы саны жарык көргөн. Ү.Ысакова гезиттин алгачкы санын чыгаруу үчүн айыл өкмөттүн жаштар комитетинен 2 миң сом карыз акча алып чыгарганын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Чоң-Алай районунун тургуну Ү.Ысакова учурда Дароот-Коргон айыл өкмөтүндөгү бала бакчанын жетекчиси болуп иштейт.

«Менин жогорку окуу жайына тапшырганым да кызыктуу окуялар менен коштолгон. Мектепти 1991-жылы "эң жакшы" деген баалар менен аяктадым, бирок жогорку окуу жайына тапшырууга шарт болбой калды. Ал убакта СССР тарап, оош-кыйыш, каражат тартыш убак эле. Мектепте, почтада, айылда ачылган радиодо да иштеп жүрдүм. Азыр ойлосом, ошол убакта тийиштүү билимимдин жоктугу караңгылык болуптур. Радиодо иштөөнү улантып кетсем деле болмок. Бирок окуйм деген максатым ичимде калып, көксөм суубай жатты. 1994-жылы журналистика факультетине окуйм деп шаарга (Ош) баса бердим. Бирок ал кезде Журналистика факультети жок экен, классташтарым филология факультетине тапшыр деп калышты. Ошол маалда окууга өтүү үчүн пара берүү күч алып турган убак болчу. Училищага тапшырсам, акча бербей эле өтүп кетем деген ой менен Ош шаарындагы педагогикалык училищага тапшырдым. Көрсө ал жакка деле акча бериш керек экен. Математикадан экзамен тапшырдык. Таанышы жок, акча бербегендерге жалаң “3” деген баа коюлат экен, мен да “3” алыптырмын. Эки күндөн кийин кыргыз тилден экзамен берип, өзүмө ишенип “5ке” тапшырам деп ойлодум. Себеби кыргыз тилден күчтүү болчумун. Жанымда бир кыз отурган, экөөбүз таанышып, жат жазууну үтүр, чекитине чейин окшош жаздык. Жыйынтыгы чыкканда ал “4”, мен “3” деген баа алып калып, окууга өтпөй калыптырмын. Үйдөгүлөргө окууга өтпөй калдым десем, айылга келип турмушка чык дешмек. Комиссиянын төрагасына кирип ыйладым. "Эмне үчүн жанымда отурган кыз “4”, мен “3” алып калдым, окууга өтпөсөм болбойт" деп айттым. Акыры кандидат (бош орун болуп калса, дароо кабыл алына турчу абитуриент) болуп окуп турасың, бирок 3 миң сом бересиң деп чыгарышты. Ага деле кубанып, апамдар менен байланышып 3 миң сом бергиле десем, акчаны кайдан табабыз деп калышты. Алыс туугандарымдын үйүндө жашап, окууга бара баштадым, бирок өзүмдүн тайпам жок. Ар кайсы тайпага кошулуп окуп жүрдүм. Акчасын төлөбөй жүргөнүм үчүн сенин тайпаң жок деп аудиториядан чыгарып коюшат. Мугалимдерге жармашып, баарын тажаттым. Пахта терүүгө барбасаң, окуудан айдаласың деп калышты. Студенттерге кошулуп пахта терүүгө кеттим. Ошол убакта апам бир кой союп, себиме деп даярдаган килемди сатып, акчасын, этти мугалимиме салып жибериптир. Активдүүлүгүм, жакшы окуганым эске алынып, окууга өттүм, староста болдум. Азыр ошол убактагы айрым мугалимдерим чоң-алайлык студенттерге мени мисал кылышат экен. Училищада окуп жүргөндө журналистика факультети ачылып, анын сырттан окуп, аяктагам», - дейт Үпөл Ысакова.

Ал жогорку окуу жайын аяктагандан кийин Чон-Алайга барып, мектепте мугалим болуп иштеген. 2000-жылы райондо гезит уюштуруу сунушу менен акимге кат жазган.

«Чыгармачыл адамдарды өркүндөтүүгө жол ачылат, иш менен да камсыз болушат деген максатта акимге гезит уюштурууну сунуштадым. Райондук кеңештин депутаттары да колдоп беришти. Гезитти басып чыгаруу, материал топтоо, жумушка адистерди алуу маселелерин чече аласыңбы деп калышты. Коркпой, баштай алам, уюштурам деп демилгени колго алдым. “Ош жаңырыгы” гезитинде иштеген Абдыжапар Жээнбеков дем берип, колдойбуз деп калды. Мени редактор, А.Жээнбековду жоопту катчы кылып дайындашты. 2000-жылдын июль айында документтерин бүтүрүп, алгачкы санын чыгарууга аракет көрө баштадык. Ош шаарына барып, гезитти басмаканадан бастырып кетүү үчүн жаштар комитетинен 2 миң сом карыз алдым. Ал убакта гезиттер компьютер менен басылчу эмес. Түнү менен типографияда отуруп, жардам берип жүрүп кийимдерибиз кара боёк болуп калчу. Биринчи санын районго алып келип саткан соң карызыбызды (2000 сом) төлөгөнбүз. Өзүбүздүн айлык жөнүндө ой да болгон эмес. Гезитти типографиядан карызга бастырып, акчасын төлөй албай калганда, акысына атамдын 2 тонна картошкасын бергем», - дейт журналист.

Анын айтымында, гезиттер компьютердик басмага өтүп, «Чоң-Алай жаңырыгы» гезитинин бир санын Жалал-Абаддан компьютерден бастырып кеткен. Бирок жолдун алыстыгы, каражаттын тартыштыгынан гезитти кайра эле ленотаптык жол менен басып чыгарууга туура келген. Ал компьютердик басылма Ош облусуна келгенден кийин гана жумуш жеңилдеп калганын билдирди. Үпөл Ысакова 2007-жылы жумуштан өзү жазган арыздын негизинде кеткен. Учурда Насиридин Нуридинов атындагы бала бакчанын жетекчиси болуп эмгектенет, 44 жашта. 2 кыз, 1 уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×