Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусуАлай району 11.11.2019 21:00 На русском

Айыл турмушу: Борбордогу жумушун таштап, айылга келген Эрмек Жусумаматов эчки багып жакшы киреше таап жатат

Turmush -  Алай районунун Корул айыл өкмөтүнө караштуу Кең-Жылга айылынын 55 жаштагы тургуну Эрмек Жусумаматов көп жылдардан бери эчки багып, анын терисинен жана жүнүнөн ар кандай буюмдарды жасап киреше табат. Фермер менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, эчкилерге чөп азыраак сарпталат жана эчки тез көбөйүп, жылына эки жолу төл берет. Э.Жусумаматов эчкилердин жүнүнө караганда терисине суроо-талап көп экенин белгиледи.

«Биздин айылда көпчүлүгү мал чарба менен алектенишет. Эл катары мен дагы эчки багып, анын жүндөрүн сатам, терисинен ар кандай буюмдарды жасайм. Эчкинин терисинен көптөгөн нерселерди жасаса болот. Мен көбүнчө ат жабдыктарын, бут кийим, кыз-келиндерге сумкаларды, чөнтөк телефондун капчыктарын жасап сатам», - деди Эрмек Жусумаматов.

Ал жаш кезинде Өзбекстанга барып окуп, кийин Бишкектеги кайыш заводунда иштеген. Анан эчки багып, андан жакшы пайда көрсө боло турганын билгенден кийин айылга келип, эчки бага баштаган. Учурда 100дөн ашык эчкиси бар. Келечекте чоң ишкана ачып, иштетсем деген максаты бар экенин дагы кошумчалады.

«Айыл өкмөт жардамдашса, чоңураак кайыш завод ачсам деген оюм бар. Ал жерден жасалган буюмдарды чет өлкөлөргө экспорттосо болот. Айылдагы тургундар дагы жумуш менен камсыз болмок», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×