Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ош облусуКара-Кулжа району 12.11.2019 20:30

Чалма айылында 5 жыл кыргоол менен кекилик атпоону макулдашышты

Turmush -  Кара-Кулжа районунда 5 жыл кыргоол жана кекиликке мергенчилик кылууга тыюу салынды. Бул тууралуу Чалма айылынын тургуну Улукбек Омокеев билдирди.

Анын айтымында, 5-ноябрь күнү Чалма айылынын жашоочулары мергенчилер менен жолугушуп, 5 жыл кыргоол жана кекилик атпоо тууралуу макулдашышкан.

«Мындан беш жыл мурда Чалма айылынын эли кекилик, кыргоолдорду атпай, аларды көбөйтүү тууралуу мергенчилер менен макулдашкан. 5 жылда канаттуулардын саны кадимкидей көбөйүп калды. Быйыл келишим соңуна чыгып калгандыктан райондогу мергенчилердин арасында мелдеш уюштурулуп, кайрадан макулдашуу болду. Алгач бул демилге Чалма айылында гана колго алынса, учурда кошуна айылдын тургундары да кошулууда. Чалма айылынын аймагында эликтер да пайда болуп калыптыр», - деди Улукбек Омокеев.

Ал эми мергенчилердин мелдешине катышкан Фархат Исаков 1-орунга 10 миң сом, 2-орунга 7 миң сом, 3-орунга 5 миң сом акчалай сыйлык коюлуп, жеңүүчүлөргө ардак граммоталар тапшырылганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×