Видео — Чоң-Алайда табылган 82 кг салмактагы авиабомба жардырылды
Turmush - Чоң-Алай районунда табылган 82 кг салмактагы авиабомба жардырылды. Бул тууралуу Жекенди айылынын тургуну Заирбек Тилебалдиев билдирди.
Анын айтымында, авиабомба кечээ, 12-ноябрь күнү Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит айылында Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмү жана чек ара кызматкерлери тарабынан саат 13:00 чамасында жардырылды.
«Авиабомба жарылгандан кийин чоң боз үйдүн ордундай жер оюлуп, тереңдиги 1,5-2 метр болгон чуңкур пайда болуп калыптыр», - деди З.Тилебалдиев.
Маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев да тастыктады.
«Кечээ саат 13:00 чамасында 1999-жылдары Баткен окуясында ташталып, бирок жарылбай калган "Авибомба РС-282" үлгүсүндөгү жардыруучу зат атайын адистер тарабынан жашоочуларга жана мал жандыктарга зыяны тийбегендей айылдан алыс жерде жардырылды. Баары милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө болуп, окуя болгон жерге жарандарды жакындатпай карап турушту. Жардыруудан эч ким жабыркаган жок», - деди ал.