Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ош облусу, Озгон 13.11.2019 11:21

Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылында сарай өрттөндү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылында сарай өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Сыдык көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 12 чарчы метр чатыры жана жыйылган отун күйгөн. Өрт балдардын от менен болгон шоктугунан улам чыккан.

Өзгөн шаарындын Ала-Тоо көчөсүндөгү короодо жыйылган 60 боо пая күйүп кетти.

Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө «Шевроле Лачетти» үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйүп кетти. Учурда бул кырсыктын себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×