Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусуАлай району 13.11.2019 16:07 На русском

Талаш жараткан токтом жана нааразы айдоочулар. Эл аралык маанидеги жолдор менен депутаттын кандай байланышы бар?

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов (сол жакта)
Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов (сол жакта)

Turmush -  Айрым массалык маалымат каражаттарында оор жүк ташуучу унаалар Ош—Эркештам—Сары-Таш, Сары-Таш—Кара-Мык унаа жолдорун бузуп жатышканы тууралуу маалыматтар жарыяланган. Бирок оор жүк ташуучу унаалардын ээлери жүктүн салмагы жолду бузушу мүмкүн эмес экенин, ага далилдери бар экенин айтышууда. Айдоочулар жолдордун бузулушун алардын сапаты менен байланыштырып жатышат.

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Ош аймактык транспорт башкармалыгынын башчысы Эмил Умаровдун айтымында, өкмөттүн 2011-жылы 8-августта чыгарган №453 токтомуна ылайык Кыргызстандын аймагындагы жолдордо жүргөн унаалардын жүк менен кошулган салмагы 44 тоннадан ашпаш керек.

«Оор жүк ташуучу унаалардын алдыңкы эки дөңгөлөгүнө 10 тоннага чейин жүк жүктөөгө уруксат берилген. 6 дөңгөлөктүү оор жүк ташуучу унаалардын жалпы салмагы 44 тоннадан ашпаш керек. Эгер ашып кетсе айып пул салынат», - деди Эмил Умаров.

Ош—Сары-Таш—Эркештам жолун тейлеген ишкананын башчысынын орун басары Абдимиталип Эсенкулов Ош—Сары-Таш—Эркештам, Сары-Таш—Кара-Мык жолдору 10 тоннага гана ылайыкташканын билдирди. Ал эми оор жүк ташуучу унаалар ассоциациясынан өкмөттүн 2011-жылы чыккан №453 токтомунда алешемдиктер бар экенин билдиришти. «Кыргыз Хово транспорт» коомдук бирикмесинин жетекчиси Авазбек Дооронбаевдин айтымында, жолдордогу салмакты көзөмөлдөө, чектөө боюнча өкмөттүн №453 токтому 1999-жылы 4-июнда чыккан Минск конвенциясынын эле көчүрмөсү болуп саналат.

«Бул токтом толуктоолорго жана өзгөртүүлөргө муктаж. Азыркы күндө Кыргызстанда 5 миңге жакын оор жүк ташуучу унаа бар. Алардын ар биринин салмагы — 15-20 тонна. Токтомдо оор жүк ташуучу унаалардын алдыңкы эки дөңгөлөгүнө 10 тонна жүк, ортоңку жана арткы мостторуна 16 тонна жүк жүктөөгө мүмкүн деп жазылып турат. Эмне үчүн алдыңкы дөңгөлөктөргө 5 тоннадан 10 тоннага чейин уруксат берилет дагы, арткы дөңгөлөктөрүнө уруксат берилбейт. Негизи алдыңкы дөңгөлөктөргө эч качан 10 тонна жүк жүктөлбөйт. Азыр өкмөт тарабынан жолдорго тараза орнотулду. Алар катуу көзөмөл жүргүзүп жатышат», - деди А.Дооронбаев.

Ал оор жүк ташуучу унаалардын экономикага тийгизген таасири тууралуу пикирин билдирди.

«Оор жүк ташуучу унаалар менен миңдеген адамдар иштейт. Алар унаалардын тетиктерине миллиондогон акча коротушат. Миллиондогон акчага күйүүчү май куюшат. Анан биз эксперимент ирээтинде жалпы салмагы 40 тонна болгон жүк менен жолдо жүрүп көрдүк. Экспертиза жасаттык. Ошондо 1 чарчы см дөңгөлөк 1 чарчы см асфальт жолго болгону 8,8 кг басым жасайт экен. Ал эми СССР убагында курулган жолдордо 10 кг басымга чейин уруксат берилген. Ошондо оор жүк ташуучу унаалар жолдорду бузбай эле. Анан калса Ош—Эркештам, Балыкчы—Корумду жолдорундагы басым 11 тоннага чейин ылайыкталган. Оор жүк ташуучу унааларды чыгарган компания да жолдорду буза турган унааларды чыгарбайт да, ошондуктан токтомго толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Биз 2014-жылдан бери аракет кылып жатабыз. Токтомду өзгөртүү боюнча парламентке кат жолдогону жатабыз», - деди А.Дооронбаев.

Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак көмүр кенинен көмүр ташыган оор жүк ташуучу унаалар да жолду бузууда деген пикирлер бар, бирок далилдер жок. Маалыматты тактоо максатында аймактык кабарчы жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен байланышты. Сары-Могол айылдык кеңешинин төрагасы Ыдырыс Камилов Сары-Таш—Кара-Мык унаа жолу бузулууда деген маалыматты четке какты. Анын айтымында, оор жүк ташуучу унаалар таразадан текшерүүдөн өткөндөн кийин гана жолго чыгарылат.

«Мен Сары-Моголдо туулуп, өскөм. Чындыгын айтканда көмүр кенинде 3 айыл өкмөттүн тургундары иштешет, көмүр алышат. "Пэрити Коал" ишканасы мыйзамдуу түрдө иштеп жатат. Ал жерден ишканага таандык унаалар эле көмүр ташыбайт. Кезекке туруп көмүр ташыган жеке жактар бар. Анан бул ишкананын опол тоодой эмгеги бар. Кары-картаңдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акысыз көмүр түшүрүп берип жатышат. Быйыл таза суу чыгардык, ага 400 миң сом акчалай жардам берип, 4 тонна арматура алып беришти. 1 экскаваторун бир ай бекер иштеттик. Биздин айылдан 100дөй адам аталган кенде иштейт. Сары-Таш—Кара-Мык жолу бузулуп жатат деген маалыматтар жалган. Шайлоо жакындап жатат. Улан Примовго карата кара пиар окшойт. Бул шайлоонун шайтан оюндарынын бири болушу мүмкүн», - деди Ы.Камилов.

Сары-Могол айыл өкмөтүнүн тургундарынын айтымында, «Пэрити Коал» ЖЧКсы бир гана айыл өкмөткө эмес, Алай району боюнча жардам көрсөтүп келүүдө. Алай районуна караштуу Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Баймамат Эмилов дагы жолдорго таразалар орнотулгандыктан оор жүк ташуучу унаалар жолдордун бузулушуна себеп болбогонун билдирди.

«Мен кимдин кандай пикири бар экенин билбейм. Жолдорду "Пэрити Коал" ишканасынын оор жүк ташуучу унаалары бузуп жатат деген пикирге кошулбайм. Анткени жолдо таразалар бар. Кыскасын айтканда бул ишкана Алай району боюнча жардам берип жатат. Жакында аталган ишкана тарабынан курулган милиция бөлүмчөсүнүн ачылышы болду. Биздин айыл өкмөттөгү оорукананын имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө жардам берди. Биздин айыл өкмөткө караштуу Нура айылындагы Ы.Монуев атындагы мектептин чатырын оңдоого каражатыбыз жетпей жатты эле, аны оңдоп берүүдө. Примовдорго тийиштүү унаалардын баарында "Ош Пирим Транс" деп жазылган. Алардын мыйзамсыздыкка баруу ниети болсо, антип жазып алышмак эмес. Мыйзам бузуп жаткан башка оор жүк ташуучу унааларды алмаштырып алышпасын деп ушундай кадамга барышканын чогулуштарда көп жолу уккам», - деди Б.Эмилов.

Ош—Эркештам—Сары-Таш, Сары-Таш—Кара-Мык жолу эл аралык маанидеги жол болуп саналат. Анткени аталган эки маршрут аркылуу кыргызстандыктар Кытай Эл Республикасына жана Тажикстанга катташат. Ош—Эркештам жолу аркылуу кыргыз-кытай чек арасына, ал эми Ош—Сары-Таш—Кара-Мык жолу аркылуу кыргыз-тажик чек арасына барса болот.

Алай районунун айрым тургундары белгилегендей, аталган жолдор аркылуу күнүнө жүздөгөн оор жүк ташуучу унаалар катташат. Алардын айтымында, жолдун бузулуп жатканын бир гана «Пэрити Коал» ишканасына же болбосо Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примовго байланыштыруу шайлоонун алдында жүргүзүлүп жаткан кара пиар болушу мүмкүн. Жашоочулар Улан Примов Алай, Чоң-Алай, Араван жана башка райондордун жашоочуларына жылына 15 миллион сомго жакын кайрымдуулук иштерин кылып жатканын кошумчалашты. Мындан сырткары муктаж адамдарга 3-4 бөлмөлүү үй салып берсе, айрым тургундарга бекер көмүр, азык-түлүктөрдү алып берет.

«Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жыл сайын 50гө жакын музоолуу уйларды белек катары тартуулап, 5 адамдын ажылык сапарга барып келүүсүн каржылайт», - деп кошумчалады жергиликтүү тургун.

Маалымат

«Пэрити-Коал» ЖЧКсын Улан Примовдун атасы Бердибай Примов жетектейт. «Тазабек» басылмасынын маалыматына караганда, У.Примов 2004-жылдын инюь айынан 2014-жылга чейин «Пэрити Коал» ишканасын жетектеген. Ал 2015-жылы КСДП партиясынын катарында менен ЖКнын депутаты болуп шайланган. ЖКнын Бюджет жана каржы комитетинин төрагасынын орун басары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×