Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 14.11.2019 09:31 На русском

Кылмыштуу топ өзгөндүк жигитти сабап, 100 миң сом жана жылкы талап кылышкан (сүрөт)

Turmush -  8-октябрь күнү Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан Өзгөн районунун аймагында адамдарды коркутуп, алардын баалуу буюмдарын жана акчасын тоноп жүргөн кылмыштуу топ колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

3-сентябрь күнү саат 22:00 чамасында Ү. уулу А. өзүнүн шериктери — 1976-жылы туулган Я.А., 1980-жылы туулган Б.Д., 2000-жылы туулган А.У. менен бирге Салам-Алик айылынын 1988-жылы туулган тургуну К.Ч.ны Кош-Этер айылына алып барып сабашып, бычак менен коркутушуп, уюлдук телефонун тартып алышкан. Ошондой эле 100 миң сом акча жана бир баш жылкы талап кылышкан. Аталган факт Өзгөн РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, материалдар сотко жөнөтүлгөн.

Ошондой эле ушул жылдын 1-августунда Өзгөн районунун Жазы айылынын 1985-жылы туулган тургуну Т.Э. милицияга арыз менен кайрылган. Ал 1-августка караган түнү болжол менен саат 02:05 чамасында Дөң-Булак айылында жайгашкан сыра өндүргөн заводдун алдында азиат түспөлүндөгү бейтааныш адам 23 миң 800 сомдук «Самсунг» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана ичинде 2000 сом акчасы бар капчыгын тоноп кеткенин билдирген. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 201-беренесинин (Тоноо) негизинде катталган.

Кармалган шектүүлөр 2 айга камакка алынган. Сот иши уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×