Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 15.11.2019 12:20

Өзгөндө ФАП жана жаңы мечит пайдаланууга берилди (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунда ФАП жана мечит пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Кыймыл айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жаңы имараттуу болушту. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Зуура Абакированын айтымында, мурдагы ФАПтын имаратынын эскилиги жетип, оңдоп-түзөөгө муктаж болчу.

«Буга чейин деле ФАП бар болчу. Бирок имараттын эскилиги жетип, быйыл 7 бөлмөлүү жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Ушул эле айылда таза суу дагы чыгарылды», - деди З.Абакирова.

ФАПтын жаңы имараты 8-ноябрда, ал эми мечит 12-ноябрда пайдаланууга берилген.

Андан тышкары Көлдүк айыл өкмөтүнө караштуу Көлдүк айылында жаңы мечит курулду. Анын ачылышына Кыргызстандын уламалар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов, акимдин биринчи орун басары Болот Дыйканбаев катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×