Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ош облусуНоокат району 16.11.2019 15:04

Ноокаттын Шамшалы жайлоосунда арчалар жол куруу үчүн талкаланган

Turmush -  Ноокат районунда Шамшалы жайлоосуна жол салуу үчүн 5-6 түп арча сүрдүрүлгөн. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Оштогу өкүлчүлүгүнүн Араван району боюнча аңчы адиси Төлөнбай Каримов билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 6-7-ноябрь күндөрү Ноокат токой чарбасынын карамагына кирген Шамшалы жайлоосуна жол салуу үчүн бир жаран жолдогу 5-6 арчаны сүрдүрүп салган.

«Негизи токой чарбасы жергиликтүү тургундарга жай мезгилинде гана экологияны сактап, жайлоого чыгууга уруксат берет. Б. аттуу жаран жайлоого арчадан там салыптыр. Жакында эле жол салам деп, арчаларды сүрдүрүп салыптыр. Кечээ, 15-ноябрь күнү элдин кайрылуусунун негизинде барып ушул окуяга күбө болдук. Учурда аталган окуяны териштирип жатабыз», - деди Т.Каримов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×