Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ош облусуНоокат району 18.11.2019 12:10 На русском

29 жаштагы айылдык кеңештин төрагасы Ноокат РЭТтин жетекчиси болду (сүрөт)

Turmush -  Ноокат райондук электр тармактары ишканасынын жетекчиси болуп 29 жаштагы Нурсеит Жаңыбаев дайындалды. Бул тууралуу «Ош электр» ААКтан билдиришти.

Нурсеит Жаңыбаев кызматка 16-ноябрь күнү дайындалган. Ал эми Кутман Сасыкбаев анын орун басары болду.

Аталган ишкананын мурдагы башчысы Исман Алимов жана анын орун басары Чыңгыз Тажибаев өздөрү жазган арыздын негизинде кызматынан бошотулган.

«Жаңы дайындалган жетекчини жана орун басарын "Ош электр" ААКтын башкы директорунун орун басары Улан Мамасадыков эмгек жамаатка тааныштырып, ийгилик каалап, бир катар тапшырмаларды берди», - деп айтылат маалыматта.

Нурсеит Жаңыбаевдин эмгек жолу

Нурсеит Жаңыбаев 2012-жылы Ош технологиялык университетинин Энергетика факультетин аяктаган.

- 2013-2014-жылдары Ноокат РЭТте контролёр;

- 2014-2015-жылдары Ноокат РЭТте сатуу кызматынын инспектору;

- 2015-2016-жылдары Ноокат РЭТтин Көк-Бел участкасынын жетекчиси;

- 2016-2017-жылдары Ноокат РЭТте юрист;

- 2017-2018-жылдары Ноокат РЭТте сатуу кызматынын инспектору;

- 2018-жылы Ноокат РЭТте техникалык аудитор;

- 2016-жылдан бери Кара-Таш айылдык кеңешинин төрагасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×