Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Ош облусуЧоң-Алай району 18.11.2019 13:32 На русском

Чоң-Алайдагы стадионго маркум прокурор Анарбай Мамажакыповдун ысымы берилди (сүрөт)

Turmush -  Чоң-Алай райондук стадионуна маркум прокурор Анарбай Мамажакыповдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Анарбай Мамажакыповдун ысымы кечээ, 17-ноябрь күнү салтанаттуу түрдө берилген. Иш-чарага аким, жергиликтүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, тургундар катышты. Ошондой эле жаштар арасында волейбол, футбол боюнча мелдештер өткөрүлдү. Волейбол боюнча мелдешке 13 команда, футбол боюнча мелдешке 12 команда катышып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, топ, шахмат, ардак грамота, волейбол оюну үчүн тор сыяктуу белектер тапшырылды. Белектерге демөөрчү тарабынан 60 миң сом каралган.

Маркум прокурор 2018-жылы 18-ноябрда каза болгон.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда капталдарында кандын тактары болгон.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Маркум Анарбай Мамажакыпов

1481467.1.1542516227

Мамажакыпов Анарбай Кубатидинович 1975-жылы 2-январда Оштогу Чоң-Алай районунун Чак айылында төрөлгөн. Юстициянын I класстагы кеңешчиси (2014-жылдан бери).

1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин юриспруденция бөлүмүн аяктап, ошол эле жылы Жалал-Абаддагы Ноокен райондук прокуратурасында стажер-тергөөчү болуп иштей баштаган. 1 жылдан кийин Ала-Бука районуна которулган. Кийинчерээк Ала-Бука жана Аксы райондорунун прокурорунун жардамчысы болгон.

- 2002-жылдан тарта 2006-жылга чейин Жалал-Абад облустук прокуратурасында коррупция жана экономикалык кылмыштарды иликтөөгө көзөмөл жүргүзүү боюнча прокурор;

- 2006-2007-жылдары Жалал-Абад облустук прокуратурасында кылмыштарга иликтөөгө көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, улуттук коопсуздук жана коррупцияга байланыштуу кылмыштарды иликтөөгө көзөмөл жүргүзүү секторунун башчысы;

- 2007-2010-жылдары Ала-Бука районунун прокурору;

- 2010-2013-жылдары Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары;

- 2013-2018-жылдары Талас шаарынын прокурору;

Баткен облусунун прокурору болуп 2018-жылдын май айында дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

17.12.2018Баткендин прокурору А.Мамажакыпов эмгек өргүүдөн жумушка чыгып, 6 күндөн кийин көз жумган (видео)
29.11.2018ИИМ менен Башкы прокуратура Баткенде прокурор А.Мамажакыповдун өлтүрүлүшү боюнча маалымат берди (видео)
19.11.2018Сүрөт: Баткенде өлтүрүлгөн прокурор Анарбай Мамажакыпов Чоң-Алайда акыркы сапарга узатылды
19.11.20184 баласы калды: Киши колдуу болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун өмүр баяны
18.11.2018Прокурор А.Мамажакыповдун өлүмү: Башкы прокурор Баткенге барды
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×