Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусуНоокат району 18.11.2019 18:18 На русском

Оштун аймактарында ВИЧ инфекциясын алдын алуу боюнча тестирлөө жүрүп жатат

Turmush -  Ош облусунун аймагында ВИЧ инфекциясын жугузууну алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун адистери, айылдык ден соолук комитеттеринин өкүлдөрү тарабынан уюштурулган. Алар облустун алыскы аймактарындагы тургундарга ооруну алдын алуу боюнча маалымат берип жатышат.

Кечээ, 17-ноябрда мобилдик клиника Ноокат районунун Арал айылына барып, 60тан ашуун тургун тестирлөөдөн өтүшкөн. Ошондой эле жашоочулар гепатит В жана С, жыныстык катнаш учурунда берилүүчү инфекцияларды аныктоо боюнча тестирлөөдөн өтүштү. Ички жана сырткы мигранттарга өзгөчө көңүл бурулууда.

Ошондой эле облустук ВИЧ борборунда анонимдүү түрдө бекер текшерилүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Жакынкы күндөрү ушундай тестирлөө борборлору Ош жана Кара-Суу шаарындагы борбордук базарларда ачылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×