Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ош облусуНоокат району 19.11.2019 15:11 На русском

Буту баспаса да унаа айдап, кол күрөш боюнча дүйнө биринчилигине катышкан Нуртилектин ийгиликтери. Видео

Turmush -  Ноокат районуна караштуу Ак-Терек айылынын 23 жаштагы тургуну Нуртилек Касым уулу майып болсо дагы тагдырдын сыноосуна сынбай, башкалар сыяктуу жумуш кылат. Андан сырткары спорт менен машыгып, сахнага чыгып ырдайт. Нуртилек менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, көөдөндөгү таланты, үмүтү көздөгөн максатынан баш тарттырткан эмес. Ал төрөлгөндөн тартып майыптык арабада отуруп калса дагы учурда унаа айдайт, спорт менен машыгып, кол күрөш боюнча мелдештерге катышып келет. Ошондой эле дүйнө чемпионатына катышып, 4-орунду багындырган.

«Мен жаш кезимден эле спортко кызыгам. Ушул жылдын февраль айында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында өткөн облустук кол күрөш боюнча турнирде 1-орунду алып, республикалык чемпионатка жолдомо алгам. Ал жактан дагы 1-орунду ээлеп, Азия биринчилигинде да алдыңкы орунду алып, дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алгам. Ушул жылдын 26-октябрында Румынияда өткөн биринчиликке барып, 54 мамлекеттин спортчулары катышкан чемпионатта 4-орунду алдым. Бул мен үчүн чоң жетишкендик болду, кийинки биринчиликте 1-орунду алганга аракет кылам», - деди Нуртилек.

Ал 4 жылдан бери унаасы менен жүк ташып иштеп жатканын кошумчалады.

«Жаш кезимден эле унаа айдаганга кызыкчумун. Ата-энем мага автоунаа алып берген. Башында кичине кыйын болду, бирок тез эле көнүп кеттим. Газ, тормоздорду бутум менен башкара албагандыктан, атам аларды кол менен башкара тургандай кылып жасап берген», - деди Нуртилек Касым уулу.

Апасы Рабия Анаркулова да маекке кошулду.

«3 балам бар. Нуртилек ортончу уулум, ага төрөлгөндө суук тийиптир. Ооруканалардын баарына алып барып көрдүк, бирок эч кандай жыйынтык чыккан жок. Баламдын буту баспаса дагы дени сак балдардай жумуш жасап, шаарга барып, ырдап-бийлеп концерт коюп, спорт менен машыгып, айтор бизди кубандырып жатат», - деди Р.Анаркулова.

Нуртилек Касым уулу келечекте мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу адамдарды чогултуп, топ түзүүнү каалайт.

«Мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу жаштар көп. Ошолор менен бирге элге жакшы ыр-бийлерди тартуулап, талантыбызды көрсөтсөк дейм», - деди Нуртилек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×