Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 19.11.2019 16:04

Өзгөндө 10 баш торпок уурдаган кылмыштуу топ кармалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Өзгөн районунда мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 17-октябрында Өзгөн районунун 1974-жылы туулган тургуну М.Н. милицияга арыз менен кайрылып, 10-октябрга караган түнү өзү жашаган айылдын четиндеги Шоро жайытынан бир баш 7 айлык торпогун уурдатып жибергенин билдирген. Окуя Кара-Суу РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин негизинде кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 1994-жылы туулган тургуну А. уулу А., 1997-жылы туулган З. уулу Ж. кармалган. Ошондой эле милицияга дагы 7 арыз келип түшкөн. Учурда 2 шектүүнүн баш коргоо чарасы үй камагы болуп тандалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Шектүүлөр жалпысынан 10 баш торпок уурдап, 200 миң сомдук зыян келтиргени белгилүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×