Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусуАраван району 20.11.2019 11:54 На русском

Аравандагы авиакассадан 107 миң сом уурдалды

Turmush -  Араван районундагы авиакассадан 107 миң сом жана буюмдар уурдалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жабырлануучу Махчехра Тешебаева билдирди.

Өзүнүн айтымында, ал 2 жылдан бери ижарага иш бөлмө алып, авиакасса иштетип келген. Бирок иш бөлмөнү ижарага берген адам менен пикир келишпестиктер жаралып, ижарага берүүчү ушул жылдын 28-октябрь күнү авиакассанын эшигине башка кулпу салып койгон. Жабырлануучунун айтымында, 107 миң сом акчасын алып алайын десе, иш бөлмөнүн ээси макул болбой койгон. 2 күндөн кийин авиакассанын эшигин ачтырганда 107 миң сом акчасы жана парфюмериялык буюмдары жоголгону белгилүү болгон. Андан соң М.Тешебаева Араван РИИБге кайрылган.

Маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады. Аталган окуя каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Буга чейин да М.Тешебаева менен имараттын ээсинин (Э.А.) ортосунда пикир келишпестик болгон. Экөө тең милицияга кайрылышып, кайра элдешкен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×