Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусу, Озгон 20.11.2019 16:30

Өзгөн технологиялык колледжи Испаниянын компаниясы менен кызматташат

Turmush -  Өзгөн технологиялык колледжи Испаниянын тамеки өндүргөн компаниясы менен бирге илимий изилдөө иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Бүгүн, 20-ноябрда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин демилгеси менен Ош технологиялык университетинин Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык колледжине тамеки өндүрүү боюнча испаниялык компаниянын директору жетектеген делегация келген. Алар окуу жайдын тамеки боюнча илимий-изилдөө иштери менен таанышып чыгышты. Ошондой эле коноктор студенттерге тамекинин дүйнө жүзүндөгү жаңы сорттору жана Кыргызстанда өндүрүү иштери пландалып жаткан никотини аз өлчөмдөгү сорттор тууралуу эркин формада лекция өтүштү. Мындан ары окуу жай аталган компания менен кызматташат.

«Учурда Кыргызстанда Өзгөн технологиялык колледжинде профессор Э.А.Смаилов жетектеген тамекиден жана анын таштандыларынан фармацевттик заттарды өндүрүү боюнча актуалдуу ири илимий мектеп иштеп жатат. Бул илимий мектеп 1980-жылдан бери бар», - деп айтылат окуу жайдын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×