Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ош облусуАраван району 21.11.2019 11:09 На русском

Аравандык дыйкандар түрптүн түшүмүн жыйнап жатышат. Анын баасы канча?

Turmush -  Араван районуна караштуу Алля Анаров айыл өкмөтүндө түрп казуу иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга дыйкан Дилшод Аззамов билдирди.

Анын айтымында, быйыл түрптүн түшүмү жакшы болуп, аны Казакстан, Бишкек шаарына жөнөтүп жатышат.

«Түрптү август айынын ортосунда эксең, 80-90 күндө бышып, ноябрдын ортосунда казылып алынат. Аны салат, тамактарга кошуп жесе пайдалуу. Витаминге бай. Кышы менен муздаткычта сактап, эрте жазда да сатса болот. Аравандын климаты эки түшүм алганга ылайыктуу. Ошондуктан экинчи түшүмдү алуу үчүн көп жашылчалар эгилет. Мисалы, 20 сотых жерге эгилген түрп 10-15 тонна түшүм берет. Курт-кумурскага каршы 3 айда 3-4 жолу дары чачып турабыз. Былтыр 1 килограммы 10 сомдун тегерегинде сатылса, быйыл дүң баада 4-5 сомдон сатып жатабыз. Быйыл түшүм көп, баасы арзан болуп жатат», - дейт Дилшод Аззамов.

Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Пайзилла Мирзабарамов быйыл дүң жана чекене баада сатылган жашылчалардын баасынын айырмасы 5-8 сом болуп жатканын билдирди. Анын айтымында, талаадан сабизди дүң баада 9-10 сомдон (1 кг), шалгам 10-12 сомдон, түрп 4-5 сомдон сатылып жатат. Ал эми базарда 1 кг сабиз 14-16 сомдон, шалгам 15-20 сомдон, түрп 10-15 сомдон сатылууда.

«Быйыл район боюнча капуста 67 гектар жерге эгилип, 660 тонна түшүм жыйналды. Ал эми помидор 67 гектарга эгилип, 1 миң 72 тонна, сабиз 104 гектар жерге эгилип, 1 миң 890 тонна, түрп 16 гектар жерге эгилип, 304 тонна, шалгам 17 гектар жерге эгилип, 340 тонна түшүм жыйналып алынды», - деди Пайзилла Мирзабарамов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×