Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусуАраван району 21.11.2019 21:00 На русском

Араванда турмуш шарты оор 2 үй-бүлө киреше табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду

Turmush -  Араван районунда аз камсыз болгон эки үй-бүлөгө жардам берилди. Бул тууралуу демилгелүү топтун мүчөсү Марат Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн киреше табуусуна шарт түзүү максатында атайын долбоор даярдалган.

«Социалдык долбоордун алкагында Араван районунун Маңгыт айыл өкмөтүнүн Кесек айылынын тургуну А.А.нын үй-бүлөсүнө жана ошол эле айыл өкмөттүн Маңгыт айылынын тургуну Б.К.нын үй-бүлөсүнө жардам берилди. А.А.нын 5 баласы бар. Улуу баласы 1-топтогу майып, келинчеги дагы ооруйт. Ошондуктан бул үй-бүлөгө нан жана ар кандай шириндиктерди бышыруучу тиричилик техникасы, эт туурагыч (мясорубка) жана отун аралагыч жабдык берилди. Үй-бүлөнүн кожоюну А.А. отун аралагыч менен айылдагы тургундардын отунун аралап берип, кошумча киреше тапса болот. Ал эми келинчеги айылдагы мектепке самса, пирожки бышырып өткөрөт. Бул тууралуу айыл өкмөт менен макулдашылды.

Ошондой эле Б.К. (аял киши) үч баланы жалгыз тарбиялап келет. Ал тамак бышыруу боюнча атайын окуудан өтүп, сертификатка ээ болгон. Үй-бүлөгө да тиричилик техникасы, эт туурагыч тапшырылды. Айыл өкмөттөгү мектептердин ашканасына күн сайын белгиленген өлчөмдө пирожки, самса даярдап сатуу маселеси чечилди», - деди М.Сагынбаев.

Социалдык долбоордун алкагында октябрь айында Өзгөн районундагы 4 үй-бүлөгө да жардам берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×