Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 21.11.2019 13:32

Кара-Сууда ашкана, кафелердин өрт коопсуздугу текшерилди

Turmush -  Кара-Суу районунда кафе, ашканалардын өрт коопсуздугу текшерилди, деп билдиришти Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу району боюнча аймактар аралык башкармалыгынан.

Алардын маалыматына караганда, өрт коопсуздугун алдын алуу максатында тез тамактануучу жайларда, ашкана, кафе жана ресторандардагы газ баллондор текшерилген. Рейд ӨКМдин Кара-Суу райондук өрткө каршы күрөшүү бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлгөн. Анын алкагында жеке ишкерлерге коомдук жайларда газ баллондорун колдонбоо жана өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×