Кара-Кулжада милиция кызматкерлери үчүн курулган жатакана пайдаланууга берилди
Turmush - Бүгүн, 21-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүндө аталган бөлүмдүн 2-корпусунун 2 кабаттуу имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылыш аземге өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нуридинов, Кара-Кулжа РИИБдин өздүк курамы жана райондун акими катышты. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нуридинов ачылышка катышкандарга каалоо-тилектерин айтып, Кара-Кулжа РИИБдин кызматкерлерине белектерин тапшырды.
Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев учурда Кара-Кулжа РИИБдин кызматкерлеринин саны жыл өткөн сайын өскөнүнө, жаңы мыйзамга ылайык кошумча кызматтар киргизилгенине байланыштуу жана алыскы райондордон каттап иштеп жаткан кызматкерлер үчүн 2 кабаттуу имарат курулганын айтты.
«Алыскы райондордон каттап иштегендер үчүн 2 кабаттан турган 12 орундуу имарат Малик Нуридиновдун демилгесинин негизинде жергиликтүү жеке ишкерлер тарабынан 2 млн 600 миң сомдук акча каражатка курулду. Бүгүн салтанаттуу түрдө ачылыш аземи өтүп, кызматкерлерге пайдаланууга берилди. Анда бардык шарт бар. Уктоочу бөлмө, ашкана, жуунуучу жай, ажатканасы менен курулган», - деди Ж.Аширбаев.