Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусуАлай району 21.11.2019 20:00 На русском

Алайда прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Turmush -  Алай районунда прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Салтанатка аким Замирбек Молдокулов жана Алай районунун прокурору Карыбек Баатыров катышып, кыргыз прокуратурасынын 95 жылдык тарыхына токтолушуп, куттуктоо сөзүн сүйлөштү. Андан кийин айрым кызматкерлерге райондук мамлекеттик администрациянын ардак грамоталары тапшырылды. Салтанат райондун өнөрпоздорунун концерттик программасы менен уланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×