Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ош облусуАлай району 22.11.2019 11:35

Алайдагы машыгуу: Окуучулар өрттөн куткарылды

Turmush -  Алай районундагы мектептердин биринде өрт өчүрүү боюнча машыгуу өтүп, 5 окуучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алай районундагы Т.Отунчиев атындагы орто мектепте имараттан чыккан өрттү өчүрүү жана жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча машыгуу өтүп, ага райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, Мамэкотехинспекциянын Алай жана Чоң-Алай райондор аралык башкармалыгынын, ӨКМдин Алай районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Машыгууда окуучулар эвакуацияланып, жабыркады делген 5 окуучуга алгачкы медициналык жардамдар көрсөтүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Алай районундагы бөлүмү тарабынан өрт өчүрүүнүн стадиялары жана өрт өчүргөн шаймандар тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Машыгууга башка мектептердин мугалимдери да катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×