Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 22.11.2019 17:10

Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

Turmush -  Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо бүгүн, 22-ноябрда өттү. Анын алкагында 29 добуш алган Мазаев Зулпукар Кашимович айыл өкмөт башчы болуп шайланды.

Төлөйкөн айылдык кеңешинде жалпы 31 депутат болсо, шайлоого 29 депутат катышты. Айыл өкмөт башчысы кызматына 1 гана талапкер катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×