Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ош облусуАлай району 22.11.2019 18:08

Алайда эки социалдык объект пайдаланууга берилди

Сопу-Коргон айылындагы футбол аянтчасы
Сопу-Коргон айылындагы футбол аянтчасы

Turmush -  Алай районунда 2 социалдык объект пайдаланууга берилип, 2 айыл өкмөттө таза суу чыгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Буга чейин Гүлчө айыл өкмөтүндөгү калк жыш жайгашкан көчөлөрдө коомдук фонддун жардамы менен 3 жерге таза суу чыгаруу макулдашылган. Бүгүн, 22-ноябрда Алымбек датка көчөсүндө жайгашкан №5 бала бакчага жана М.Адышев атындагы мектеп-гимназиянын короосуна таза суу киргизилди. 70 метрден ашык тереңдиктен чыккан таза сууну жергиликтүү тургундар өз короолоруна да киргизе алышат. Жашоочулар таза суу көйгөйүн 30 жылдан бери тартып келишкенин жашырышкан жок.

Ошондой эле райондун борборундагы Семенов каналына республикалык бюджеттин эсебинен 5 млн 533 миң 546 сом бөлүнүп, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Аталган каналдын узундугу 5,6 чакырымды түзүп, андан ташыган суу 200гө жакын үйдүн короосун каптап, турак жайларга жана жашоочуларга кооптуу абал жаралчу. Аны алдын алуу максатында 1 чакырым аралыкка 160 даана лоток орнотулду.

Андан тышкары Алай айыл өкмөтүнө караштуу Таргалак айылында 5,6 км аралыкка таза суу түтүктөрү тартылып, 8 даана суу колонкасы орнотулду. Чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланды.

Ал эми Сопу-Коргон айылында футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Курулуш жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, ага 4 млн сомдон ашык каражат сарпталды.

Жерге-Тал айылында 25тен ашык балага ыңгайлашкан заманбап бала бакча ачылды. Ал үчүн айыл өкмөт тарабынан жеке менчик үй 50 сотых жери менен сатылып алынган.

Аталган иш-чараларга өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Алай районунун акими Замирбек Молдокулов, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×