Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 22.11.2019 18:16 На русском

Видео — Таш-Көмүрдөгү окуучу кыздардын мектептеги мушташы

Turmush -  Социалдык тармактарда мектептин ичинде окуучу кыздардын мушташы тартылган видео тарады. Окуя Таш-Көмүр шаарында болгонун Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, ушул жылдын 3-ноябрында Таш-Көмүр шаарынын С.С. аттуу тургуну шаардык милицияга арыз менен кайрылган. Ал Таш-Көмүр шаарындагы №1 Н.Островский атындагы орто мектебинде 29-октябрь күнү саат 11:00 чамасында анын 2004-жылы туулган Т.А. аттуу кызын ошол мектепте окуган кыз чачынан тартып, уруп койгонун жазган. Ал ага чара көрүүнү өтүнгөн.

Кыргызстандагы бардык видеолор: Aimak Akipress

«Аталган арыз боюнча топтолгон материал Таш-Көмүр ШИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 266-беренесинин негизинде (ээнбаштык) сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 9-класстын окуучусу Т.А. мектепте кезметте туруп, 11-класстын кыздарынын кемчиликтерин жазып кеткени белгилүү болгон. Андан кийин Адэля аттуу кыз менен жолугуп, аны менен уруша кеткени аныкталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары улантылууда», - деп билдиришти облустук милициядан.

Буга чейин Аксы районунун Жаңы-Жол айылындагы №10 Жоробек Мамытбеков атындагы мектептин 10-11-классынын окуучу кыздары мушташканы маалымдалган.

Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына караганда, окуя 18-ноябрь күнү саат 17:30 чамасында болгон. Бул факт боюнча топтолгон материал Аксы РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кыздардын мушташынан кийин чогулуш өткөрүлүп, анда мектептин директору, директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, класстан жана мектептен тышкаркы иштердин уюштуруучусу, социалдык педагог кетирген кемчиликтеринин негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Андан кийин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зиябекова да ээлеген кызматынан бошотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×