Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 23.11.2019 14:00 На русском

Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы тууралуу эмне белгилүү?

Turmush -  Кечээ, 22-ноябрда Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы шайланды. Маалыматты айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Хатам Сулайманов тастыктады.

Анын айтымында, шайлоодо 5 талапкер ат салышкан. Бирок добуш берүү күнү алардын төртөө өз талапкерлигин алып коюшкан.

«Жыйынтыгында 31 депутаттын 29 добушуна ээ болгон Зулпукар Мазаев айыл өкмөт башчы болуп шайланды», - деди Х.Сулайманов.

Зулпукар Мазаев буга чейин айыл өкмөттүн жооптуу катчысы, башкы адис кызматтарында иштеген. Ал 1969-жылы Төлөйкөн айылында туулган.

Мурдагы айыл өкмөт башчы Алмаз Абдукаримов өзү жазган арыздын негизинде кызматынан кеткен. Ага буга чейин жерлерди мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, Ош шаардык соту тарабынан акталган.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Алмаз Абдукаримов

Алмаз Абдукаримов

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×