Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 25.11.2019 11:29 Жаңыланды: 25.11.2019 18:02

Кара-Сууда мончого барам деп кеткен жаш келин Өзбекстандагы сүйүктүүсүнүн үйүнөн табылган

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу райондук сотунда Жазык кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталган Самиранын (аты өзгөртүлдү, М.С.Ш.) кылмыш иши каралды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу Самира Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2001-жылы туулган тургуну. Мурда соттолгон эмес.

Тергөө кызматынын маалыматына караганда, Самира 2017-жылы ноябрь айында апасы Г.М. менен Россия Федерациясынын Хабаровск шаарына барган. Ал жактан Өзбекстандын Наманган облусунун тургуну Дилшот (аты өзгөртүлдү, Д.У.) менен таанышып, сүйлөшүп жүрүшкөн. Бирок Самиранын ата-энеси 2015-жылы Кыргызстандагы кошунасы менен кудалашып коюшкандыктан Самира 2018-жылы ноябрь айында Кара-Суу районунун тургуну А.Б.га турмушка чыккан. Бирок Дилшот Самиранын турмушка чыкканын билип туруп аны менен байланышып, үй-бүлө куруу үчүн Өзбекстанга алып кетүүнү сунуштайт. Самира анын сунушуна макул болгондон кийин Дилшоттун эки таанышы кызды өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз алып өтмөк болушкан.

2018-жылы 23-ноябрда Самира жана Дилшоттун 2 таанышы Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Телман айылынан Өзбекстандын Андижан облусуна караштуу Коргон-Төбө районуна мыйзамсыз өтүшүп, андан ары Наманган облусуна — Дилшоттун үйүнө барышкан. Самиранын туугандары кызды издеп барышып, ушул жылдын 29-январында Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү «Достук» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга келе жатышканда Самира буга чейин мыйзам бузганы чек ара кызматкерлери тарабынан аныкталган. Чек ара кызматкерлери Самира буга чейин Кыргызстандын аймагынан чыгып, Өзбекстандын аймагына өткөндүгү тууралуу маалымат болбогонун аныкташкан.

Сот отурумунда Самира күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Дилшот менен Россияда таанышканын, бирок 2018-жылы Кыргызстанга келип, А.Б.га турмушка чыкканын айтты. Андан кийин Дилшот менен сүйлөшүп, Дилшот ага «сени жакшы көрөм, сени алып кетем, чек арадан алып өтө турган адамдарды таптым» деп айтканын билдирди. Кыздын айтымында, ага телефон аркылуу бейтааныш адамдар байланышып, анын жашап жаткан дарегин сурап, А. аттуу жигит аны жолдошунун үйүнөн алып кеткен. Алар чек арадан түнкү саат 2:00 чамасында өтүшкөн. Бирок Дилшоттун апасы турмушка чыккан кызды алып келгениң туура эмес, кайра жеткир дегенинен Самира жээнине «мени алып кеткиле» деп билдирүү жазган. Самиранын апасы Өзбекстанга барып, кызын таап, кайра Кыргызстанга келе жатышканда «Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктунан укук коргоо органдары тарабынан кармалышкан. Самира аны чек арадан алып өткөн жигиттерди тааныбай турганын айтып, паспорту апасында болгондуктан Өзбекстанга мыйзамсыз өткөнүн билдирди. Ал сот отурумунда кечирип сурап, кылган ишине өкүнүп жатканын, бул иш боюнча Өзбекстан Республикасында 3 ай жүрүшкөнүн кошумчалады.

Сот отурумунда Самиранын чоң апасы кудагыйы «небереңиз жок» деп чалганын, андан кийин милицияга арыз менен кайрылышканын билдирди. Кийин аны Өзбекстандан табышканда Самира мончого барам деп үйүнөн чыгып кеткенин айтканын кошумчалады.

Отурумга Самиранын ата-энеси дагы катышып, суракка алынган.

Жыйынтыгында Самира мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча күнөөлүү деп табылып, 1 жылга эркинен ажыратылды. Бирок Жазык кодексинин 83-беренесинин негизинде жаза 1 жылдык пробациялык көзөмөлгө алмаштырылды.

Өкүмгө нааразы тарап 30 күндүн ичинде Ош облустук сотуна апелляциялык тартипте даттана алышат. Соттун чечими 19-ноябрда чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×