Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 25.11.2019 13:30 На русском

Ошто терроризмге үгүттөгөн адам кармалып, үйүнүн короосунан 2 тапанча табылды (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунда экстремизмге жана терроризмге үгүттөгөн 31 жаштагы адам кармалып, үйүнөн мыйзамсыз сакталган ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ош ШИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан ушул жылдын 21-сентябрь күнү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Ош облусунун аймагында Абдулла аттуу адам интернет аркылуу экстремизм жана терроризмге байланыштуу материалдарды мыйзамсыз таратып жаткандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Бул факт ошол эле күнү Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде катталып, тергөө иштери башталган. Анын жүрүшүндө Абдулла атуу жарандын өздүгү жана жашаган жери аныкталган. Ал Кара-Суу шаарынын 1987-жылы туулгун тургуну А.К. экендиги белгилүү болгон.

А.К. ушул жылдын апрель айында Сириядагы «Таухид валь-Жихад» эл аралык террордук уюмунун катарына кошулган. Ал А.С. аттуу адам менен тыгыз байланышта болуп, Кыргызстан жана Өзбекстандын аймагында террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө, үгүттөө иштерине активдүү катышып жүргөн. А.К. ушул жылдын 17-ноябрь күнү Кара-Суу районундагы «Туратаалы» базарында жайгашкан унаа токтотуучу жайда Ош ШИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан алдын ала даярдалган адамдан 5 миң сом өлчөмүндө акча алып, банк аркылуу А.С.га которуу үчүн бара жатканда колго түшүрүлгөн. Тинтүү учурунда шектүүнүн жанынан 5 миң сом жана 2 уюлдук телефон табылган. Сотко чейинки өндүрүш иштери Жазык кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүгүнөн 241-беренесине (террордук ишке көмөктөшүү) өзгөртүлүп, Ош шаардык сотунда баш коргоо чарасы каралып, 30-ноябрга чейин камакка алынган.

Ошондой эле А.К. учурда террордук ишмердүүлүгү үчүн соттолуп, жазасын өтөп жаткан Р.К.нын активдүү колдоочусу экени аныкталды. Ал Р.К. менен 2017-жылдан бери тыгыз байланышта болгон. Шектүүнүн ушул күнгө чейин Р.К.га материалдык колдоо көрсөтүп жүргөнү белгилүү болду.

Андан тышкары 21-ноябрь күнү А.К. убактылуу жашап жаткан Кара-Суу районундагы үйүнүн короосунан жерге көмүлгөн тапанча (жеке номуру өчүрүлгөн, ПМ, 9 мм), 8 даана ок, пневматикалык тапанча (ПМ, 4,5 мм), 3 даана пневматикалык ок, 18 пневматикалык газ баллону, 4 даана сим-карта, ар кандай үлгүдөгү 7 флешка табылган. Табылган буюмдарга соттук-баллистикалык, соттук-эксперттик, диний жана лингвистикалык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×