Кара-Кулжада 70 миң сомдук стела орнотулду. Сүрөт
Turmush - Кара-Кулжа районунун борборунда «Кара-Кулжа, мен сени сүйөм» деген стела орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургун Мирлан Базаров билдирди.
Анын айтымында, 23-ноябрда Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүндөгү «Сейил» эс алуу багында стеланын ачылыш аземи өттү. Ага Кара-Кулжа районунун акими Примберди Дыйканов баш болгон жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, тургундар катышкан.
Стеланын курулушуна жергиликтүү тургундар тарабынан 70 миң сом топтолгон. Стела кечинде күйүп турат. Анын узундугу 5,5 метр, бийиктиги 2,2 метрди түзөт.
«Бул идеяны 3 жылдан бери ойлонуп жүрүп, быйыл ишке ашырдык. Бир ай мурда Кара-Кулжа районунун борборунда стела орнотууга каражат керек экенин жазып, социалдык тармактар аркылуу жергиликтүү тургундарга кайрылгам. Демилгени жашоочулар жакшы кабыл алышып, долбоор 1 айда эле ишке ашты. Азыр районго келген меймандар да стеланын жанынан сүрөткө түшүп жатышат. Демилгенин максаты — элди кичи мекенин сүйүүгө чакыруу», - деди Мирлан Базаров.