Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусуНоокат району 26.11.2019 09:55

Ноокатта арчаларды кыйып, жол курган адам 13,3 миң сом айыпка жыгылды

Turmush -  Ноокат районунда 12 түп арчаны кыйган адамга 13 миң 299 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн Араван району боюнча аңчы адиси Төлөнбай Каримов билдирди.

Буга чейин Turmush басылмасы 6-7-ноябрь күндөрү Ноокат токой чарбасынын карамагындагы Шамшалы жайлоосунда жол куруу үчүн жергиликтүү тургун 5-6 түп арчаны сүрдүрүп салганын жазган. Ошондой эле жайлоодогу үйүнүн чатырына арчаны пайдаланган.

«Биз Ноокат токой чарбасынын, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен бирге арчалардын сүрдүрүлгөнүн көрдүк. Негизи быйыл жолду сел жууп кеткен. Жергиликтүү тургун жолду тегиздеп жатып 3 арчаны сүрдүрүп салган. Ал үчүн 1 миң 907 сом айып пул салынды. Мындан сырткары дагы 9 арчаны кыйган. Жалпысынан 10 миң 299 сом айып пул салынган. Арчаларды кыйган адам Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Т.Б. аттуу тургуну экени аныкталды. Ага Бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренесинин негизинде (Токойлорду калыбына келтирүү жана жакшыртуу эрежелерин бузуу) кошумча 3 миң сом административдик айып пул салынды (жалпы 13 миң 299 сом)», - деди Т.Каримов.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×