Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусуКара-Кулжа району 26.11.2019 11:15

Кара-Кулжада 500 үй-бүлөгө акысыз көмүр таратылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө аз камсыз болгон 500 үй-бүлөгө көмүр таратылды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Бактыбек Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, алгач 170 үй-бүлөгө 300 килограммдан 500 килограммга чейин көмүр таратылган. Чыгымдар айыл өкмөт тарабынан каржыланды. Ошондой эле жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан дагы колдоо көрсөтүлүп, жалпы 500 үй-бүлөгө 500 кг чейин көмүр берилди», - деди Б.Жээнбеков.

Быйыл аталган айыл өкмөткө караштуу Биймырза айылынын тургундары кайрымдуулук фонд түзүшүп, 5 үй-бүлөгө үй куруп беришсе, 10 үй-бүлөгө музоолуу уйлар тапшырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×