Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 26.11.2019 18:03 На русском

«40 миң сомго алдандым»: 23 жылдан бери курут саткан Гүлипа Кыязова жумушунун түйшүгү тууралуу. Сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүнүн Каарман айылынын 56 жаштагы тургуну Гүлипа Кыязова 23 жылдан бери курут сатуу менен алектенет. Ал кайсы бир жылдары 40 миң сомго алданганын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Өзүнүн айтымында, 23 жылдан бери курут сатып киреше таап, уул-кыздарын окутуп, үйлөнтүп-жайланткан. Ысык-суукка карабай соода кылат.

«Жаш кезимден эле курут сатып баштагам. Ал кезде балдарым жаш, өзүм күчтүү болчумун. Эшекке куржунду артып, Папандын Лаглан жайлоосун жөө кыдырып курут, сүзмө сатып алып, аларды кайра базарга барып сатчумун. Жайлоого күнүмдүк турмуш тиричиликке керектүү каражаттарды: самын, байпак, туз, чай жана башка каражаттарды алып барып, курутка алмаштырып жүргөн күндөр болгон. Алыскы жайлоодон курут топтоонун да өзүнчө кыйынчылыгы болот. Курут жамгырда калса, эзилип кетет же эшек жаман жолго түшүп капты жыртып салса, курут жерге төгүлүп калат. Жазында сүзмө сатып алып, кышкыга курут даярдап, кымбат сатсаң болот. Бирок анын да түйшүгү бар. Эрте жазда курут азайып калганда Өзбекстандан ун жана күрүчтүн күкүмү аралашкан жасалма куруттар Кыргызстанга алынып келип, биздин соодага тоскоолдук жаратышат. Бирок биз көп жылдардан бери натуралдуу куруттарды сатып, кардарлардын ишеничине ээ болгонбуз», - дейт Гүлипа Кыязова.

Анын айтымында, соодагерлер жайлоодон алып келген сүзмө, куруттардын бир килограммына 10-15 сом кошуп сатышат. Ош шаарынын борбордук базарында 25-30 чакты соодагер курут сатуу менен алектенет. Алар айына 1 миң сомдон ижара акысын төлөшөт. Ар бир соодагер 1 метр жерге ээ.

«Күнүнө 500 сомдон 1000 сомго чейин киреше тапса болот. Куруттар салмагына, көлөмүнө жана кошулмаларына жараша бааланат. Мисалы, кичинекей куруттун 1 данасы 1 сом, андан чоңураагы 3 сом, анан 5 сом, 10 сом, 20 сомдон 25 сомго чейинки куруттар сатылат. Учурда замандын талабына ылайык Жалал-Абаддагы курут чыгаруучу цехтен ар кандай көлөмдөгү куруттар алынып келет. Мисалы: балык майы кошулган, ун кошулган, калемпирдин күкүмү кошулган ачуу курут, кайнатылган куруттар келе баштады. Азыр куруттун көлөмүнө жана кошулмаларына карап 1 кг куруттун баасы 180 сомдон 300 сомго чейин сатылууда. Сүзмө алып, андан кайра курут жасап саткандар суюк сүзмө алышса, акчасынан алданып калышат. Ошондуктан сүзмөнүн катуурагын алыш керек. 23 жылдан бери курут сатып, бир да адамды таразадан алдаган эмесмин. Бирок жакында эле бир кардарым 40 миң сомго соода кылып, алдап кетип, ошол бойдон кайра келген жок. Кудайга ыраазы болуп, жоготкон акчама көз жумуп койдум», - деди Гүлипа айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×