Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусуКара-Кулжа району 27.11.2019 12:42

Куш кармап алып, анын ээсин интернеттен издеп жаткан адамга айып пул салынды

Turmush -  Кара-Кулжа районунда жырткыч кушту кармаган адамга айып пул салынды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

18-ноябрь күнү Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында жергиликтүү тургун К.О. куш кармап алып, аны уруксат кагазы жок багып жүргөн. К.О. буга чейин куштун колдо багылып жүргөнүн байкап, интернет аркылуу куштун ээсин издеп баштаган. Жарыяны көргөн Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратыш аймактары департаментинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Тынчтык Зиаев, Абдисаттар уулу Кутманбек, Манас Исабеков кушту кармаган К.О. аттуу жаранды табышкан. Ошондой эле Бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 4-пунктунун негизинде (Жаныбарлар байыр алган чөйрөнү коргоо боюнча талаптарды бузуу) 3 миң сом айып салынган. Учурда айып пул төлөндү. Куш 29-ноябрда эркиндикке учурулат.

К.О. кушка кандай тамак бериш керек экенин билбей, куш баккандарга бактырып жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×