Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ош облусуКара-Кулжа району 27.11.2019 13:44

Москвада кыргызстандык жаран каза болду

Москва
Москва

Turmush -  Москва шаарында кыргызстандык жаран каза болду. Бул тууралуу Россияда эмгектенген мекендештердин бири Бекназар Турдакунов билдирди.

Анын айтымында, Ж.Э. аттуу жаран ооруканада 24-ноябрь күнү көз жумган.

«Кара-Кулжа районунда 1982-жылы туулган Ж.Э. Москва шаарына келип, иштеп баштаганына 10 күн эле болгон. Бул жакта чоң имараттарда бригада менен желдеткич орнотуп иштеп баштаган. Мурун ашказан оорусу менен жабыркап жүрүптүр. Оорусу кармап, №50 ооруканага түшкөндөн кийин бир күн өткөн соң каза болуп калды. Достору чыгымдарын каржылап, сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү. Бүгүн мекенинде акыркы сапарга узатылат», - деди Бекназар Турдакунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×