Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусуАлай району 29.11.2019 11:04

Алайда памирлик кыргыздар үчүн 7 үй курулат

Алай району
Алай району

Turmush -  Алай районунун Талды-Суу айылында памирлик кызгыздар үчүн 7 үй курулат. Бул тууралуу Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Даанышбек Кеңешов билдирди.

Анын айтымында, памирлик кыргыздарга үй куруу үчүн 1 гектар 20 сотых жер бөлүнгөн.

«7 үй курууга мамлекеттен 10 млн сом каралган. Үйлөрдүн долбоору даяр. Учурда үй куруучу компанияларга тендер жарыялаганбыз. Компаниялар катталып жатышат. Ар бир үй 4 бөлмөлүү болуп, узундугу 11 метр жана туурасы 9,60 метрди түзөт. Буюрса 2020-жылдын апрель айынан баштап курулуш иштери башталат», - деди айыл өкмөт башчы.

Талды-Суу айыл өкмөтү тоолуу болгондуктан, кыш узакка созулат.

Кечээ, 28-ноябрда Жогорку Кенештин жыйынында депутат Жанар Акаев Улуу жана Кичи Памирден Кыргызстанга көчүрүлүп келген этникалык кыргыздар үчүн 2019-жылы бериле турган 10 млн сом мамлекеттик бюджеттен бөлүнбөгөнүн билдирген.

Анын суроосуна жооп берген вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Алай районундагы курулуш иштерине 2020-жылдагы бюджеттин эсебинен 17 млн сом бериле турганын айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×