Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 29.11.2019 13:01

ОГПИде СПИДге каршы күрөшүү акциясы өттү

Turmush -  Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата акция уюштурулду. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Акция окуу жайдын гуманитардык факультетинин студенттери тарабынан өткөрүлдү. Уюштуруучулар ВИЧ инфекциясы жана андан сактануунун жолдору жазылган атайын маалымат баракчаларын окуу жайдын мугалимдерине жана студенттерине таратышты. Акциянын максаты — СПИД тууралуу көбүрөөк маалымат берүү жана аны алдын алуу.

СПИДге каршы күрөшүү күнү 1988-жылдын 1-декабрынан тарта белгиленип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×