Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусуАлай району 29.11.2019 16:13 На русском

Россияда үй өрттөнүп, кыргызстандык жубайлар каза болду

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Россиянын Сургут шаарында турак үй өрттөнүп, жубайлар каза болду. Маркумдар Ош облусунун Алай районунун тургундары болчу. Бул тууралуу Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилиги билдирди.

26-ноябрь күнү эртең мененки саат 9:00 чамасында турак үйдөн өрт чыккан. Анын кесепетинен кыргызстандык жубайлар: 1978-жылы туулган Ш.У.К. жана анын жубайы — 1982-жылы туулган К.А.Ж. каза болду.

Бүгүн, 29-ноябрда Ш.У.К.нын сөөгүн Кыргызстанга салышты. Жубайынын сөөгү эртен, 30-ноябрда жөнөтүлөт.

Маркум жубайлар көп жылдан бери Сургутта иштеп жүрүшкөн. Алардын артында кызы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×