Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 30.11.2019 17:40 На русском

Ошто жазуучу Айгиз Гиззат уулу студенттер менен жолукту

Turmush -  Башкыр элинен чыккан жаш жазуучу, «Таштабачы апаке» жана «Жомоксуз өткөн балалык» китептеринин автору Айгиз Гиззат уулу Баймухаметов Ош шаарында конокто болуп, студенттер жана окуучулар менен жолугушту.

Иш-чара Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда окуу жай жетекчилиги жана «Жетиген» мектеп-лицейи тарабынан уюштурулуп, ага Оштогу белгилүү акын-жазуучулар, окуучулар жана студенттер катышты. Кеченин жүрүшүндө Айгиз Баймухаметов алгач өзү тууралуу кыскача маалымат берип, иш-чараны уюштурган өкүлдөргө, катышуучуларга ыраазычылык билдирүү менен жалпы жаштарды адабият күйөрманы болууга чакырып өттү. Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында уланып, катышуучулар түрдүү суроолоруна таасирдүү жоопторду ала алышты. Конок берилген ар бир суроону өзгөчө кабыл алуу менен өзүнүн таасирдүү, ары маңыздуу жоопторун берип, кенен форматта маектешти.

«Башкортостан жана Россия жазуучулар союзунун мүчөсү, Шайхзада Бабич атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, журналист, жазуучу, ошондой эле "Таштабачы апаке" жана "Жомоксуз өткөн балалык" китебинин автору Айгиз Гиззат уулу Баймухаметов менен окуу жайдын студенттери жолугушуп, адабий кечесин өткөрүштү», - деп билдиришти Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун кызматкерлери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×