Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ош облусуНоокат району 02.12.2019 11:34 На русском

Ноокаттык Мадина менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада «Супер чемпион» аталды. Сүрөт

Turmush -  Ноокат районунун Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү Баглан орто мектебинин 9-классынын окуучусу Мадина Таштемирова менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада «Супер чемпион» аталды. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Олимпиада 22-ноябрда Грузиянын Тбилиси шаарында өтүп, ага Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Иран, Грузия мамлекеттеринен барган 9-класстын 76 окуучусу катышкан.

Мадина ушул жылдын март айында Ташкент шаарында өткөн олимпиадада 3-орунду алып, июнь айында өткөн эл аралык олимпиадада да «Супер чемпион» наамын жеңип алган. Анын менталдык арифметика боюнча сабактарга катыша баштаганына 1 жыл болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×