Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 02.12.2019 17:11 На русском

Оштогу троллейбустун айдоочулары соңку аялдамага 2 унаа жуучу жайдын курулганына нааразы. Видео

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташыган автобус жана троллейбустардын айдоочулары борбордук көчөлөрдүн жээгине туура эмес токтоп турган жеңил унаалардын тыгын жаратып жатканына нааразы. Электр чубалгылары аркылуу жүргөн троллейбустардын айдоочулары аймактык кабарчыга жолдун жээгинде туура эмес токтоп турган автоунааларды айланып өтүүдө кыйналып жатышканын билдиришти.

Айдоочулардын айтымында, троллейбустардын соңку аялдамасында 2 унаа жуучу жай курулуп, тоскоолдуктарды жаратууда.

«Бизди шаардын ичиндеги тыгындар жүдөтөт. Мисалы, А.Масалиев проспектисиндеги Алай мечитинен тиричилик үйүнө чейин тыгын болот. Мындан сырткары биздин соңку аялдамабыз Манас-Ата кичи районунда жайгашкан. Аялдаманын жанында унаа тетиктерин сатуучу, унаа жуучу жайлар жайгашкандыктан, ал жакта унаалардын саны көп. Жеңил унааларды биздин аялдамага токтотуп кетишет. 2 унаа жуучу жайга кирип-чыккан унаалар троллейбустун жолун тосуп, негизги жолдо да тыгын жаралат. Автоунаа жуучу жайлардын курулганына 2-3 жыл болду. Биринчи каттамдан келген троллейбус экинчи каттамга бурулуп кетүү үчүн жолу жабылып, кыйын болууда», - деди троллейбус айдоочусу Нурмира Молдошова.

Ал эми Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров аталган маселелер боюнча тиешелүү жерлерге кайрылышарын айтты.

«Манас-Ата кичи районундагы №1 троллейбустун акыркы аялдамасындагы тыгынды ал жердеги “Кудайберди” унаа тетиктеринин базарына жана 2 жеке менчик автоунаа жуучу жайга кирип-чыккан унаалар жаратууда. “Кудайберди” базарына кирип-чыккан унаалар акы төлөшөт. Акы төлөгүсү келбеген айдоочулар унааларын троллейбустун аялдамасына токтотуп коюшат. Буга чейин ал жерде 2 унаа жуучу жай жок болчу. Алардын ээлери тиешелүү жерлерден документ алышып, билгенин кылып жатышат. Жакынкы 2-3 күндө 10 бетон тосмо алып, аялдамага унаа койбогондой тостурабыз. Андан ары эмне болорун көрөбүз», - деди Талант Капаров.

Ош шаарында 30дан ашуун троллейбус, 30дан ашуун автобус каттамга чыгат. Ар бир троллейбустун айдоочусу күнүнө 7 жолу каттамга чыгат. Алар эртең мененки саат 6:30дан кечки саат 22:00гө чейин катташат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×