Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Ош облусуКара-Кулжа району 04.12.2019 12:57 На русском

«Өлүк ымыркайды өрттөп салышып...»: Москвадагы мигранттын үрөй учурган окуясы

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 29 жаштагы Бекназар Турдакунов. Ал Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында туулган. Учурда Россиянын Москва шаарында эмгектенет.

Өзүнүн айтымында, ал ОшМУнун экономика факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

«Москва шаарына 2008-жылы келгем. Ошондон бери бул жакта эмгектенем. Мен 5-класста окуп жүргөндө атам жол кырсыктан каза болуп калды. Апам, эки карындашым болуп калдык. Үйдө жалгыз бала болгондуктан апама жардам берейин деген максатта мектепти бүткөндөн кийин эле Москвага иштегени келдим. Кийинчерээк үй-бүлө куруп, бир уулдун атасы болдум. Кыргызстанга бат-баттан барып турам. Айлык маянам 35-40 миң рубль», - дейт ал.

Ошондой эле Москвадагы мекендештер менен бирге кайрымдуулук фонд түзүшкөнүн билдирди.

«Мындан 5 жыл мурун шарият жаатында билим алган ага-инилер менен бирге кайрымдуулук фонд түздүк. Ошондо "жүк 200" тууралуу угуп, кыйынчылыкка кабылган мекендештерге жардам көрсөтүп жүрдүк. Мисалы, акчасы жок кете албай калгандарга, паспортун жоготуп алгандарга, кырсыкка кабылгандарга жардам бердик. Учурда бул фондду түзгөн адамдар ар кайсы жакка кеткендиктен ишибиз токтоп калды. Ар бирибиз өз алдынча жардам берүүнү улантып жатабыз.

Москвада мекендештер каза болгондо жакындары сөөктү кантип алып кетүү керектигин билишпейт. "Жүк 200" тууралуу билгендер бизден жардам сурашат. Мындан улам биз айына 1, кээде 5-6 сөөктү жөнөтүүгө жардам беребиз. Кээде бир күндө эки сөөктү жиберебиз. Мындан тышкары наристелер да чарчап калган учурлар болот. Алар мекенге жиберилбейт, Москвадагы мусулмандардын көрүстөнүнө коюлат», - дейт Б.Турдакунов.

Ал жакында эле үрөй учурган окуяга күбө болгон.

«Эки жума мурун жанды кейиткен окуя болду. Бир эже жардам сурап кайрылды. Курсагындагы 6 айлык баласы чарчап калган экен. Ымыркайды кайсыл жакка жана кантип жерге берүү керектигин түшүндүрдүм. Мусулмандардын көрүстөнүнөн жер алуу акысы 15 миң сом болду. Ошол учурда эженин жолдошу Кыргызстанга кетиптир. Эже боюнан түшкөндөн кийин дарыланып жаткан экен. Анан ымыркайдын сөөгүн алуу үчүн өлүк сактоочу жайга барсак, аны мешке салып өрттөп салышыптыр. Көрсө боюнда бар кезде чарчап калган ымыркайларды өрттөп жиберишет экен. Эже угуп алып ушунча боздоду. Мен анын жанында кайгысын көрүп, жаман абалда болдум. "Эже, сабыр кылыңыз" дегенден башка сөз айта алган жокмун. Башка ымыркайлар менен чогуу өрттөлгөндүктөн күлү аралашып калган экен. Өлүк сактоочу жайдагы кызматкерлер эскертүү беришпептир. Алар 5-6 айлык ымыркай аялдын боюнан түшүп калганда эч ким издеп келбегендиктен, эскертүү бербестен эле өрттөп салышарын айтышты. Биз издеп барганда алар дагы таң калышты», - деди Бекназар.

Ал: «Мекендештер кыйынчылыкка туш болбой, өз жерине аман кайтса экен деп тилейм», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×