Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусу, Ноокат 04.12.2019 14:46 На русском

Ошто окутуучу Г.Кулдышева «Офицердин жубайы» төш белгиси менен сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында 2-декабрь күнү Гүлсара Кулдышева Ички иштер министрлигинин «Офицердин жубайы» төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Гүлсара Кулдышева Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетинин деканы, юридика илиминин доктору. Сыйлык Ош ШИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Касым Кадыров тарабынан ОшМУнун окумуштуулар кеңешинин жыйынында салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Г.Кулдышеванын жолдошу — милициянын отставкадагы полковниги Шерипбек Кулдышев көп жыл бою ички иштер органдарында кызмат өтөгөн.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×