Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусу, Ноокат 04.12.2019 18:01 На русском

Ноокатта көчөлөр жарыктандырылып, жолдорго асфальт төшөлдү

Turmush -  Ноокат шаарында көчөлөр жарыктандырылып, жолдорго асфальт төшөлдү, деп билдирди Ноокат шаардык мэриясы.

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Ноокат шаарында «Аймак» электрондук программасы ишке киргизилип, тургундарды туруктуу жашаган жери боюнча каттоо, үй-бүлөсү тууралуу маалымдама берүү сыяктуу кызмат көрсөтүүлөр оптималдаштырылды. Программа келечекте «Түндүк» мекемелер аралык системасына кошулат.

Андан сырткары Ноокат шаарынын Таштак, Кара-Турпак жана Бостон кварталдарында жалпы 7 чакырым жол жарыктандырылды. Ошондой эле К.Жакыпов жана Абдумаликов көчөлөрүнүн кесилишине жана А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин алдына шаардык мэриянын жана жергиликтүү демөөрчүлөрдүн эсебинен асфальт төшөлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×