Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусуКара-Кулжа району 07.12.2019 21:38

Кара-Кулжада 760 орундуу мечит ачылды

мечит
мечит

Turmush -  Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кеңеш айыл аймагында 760 орундуу мечит ачылды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ачылышка аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр Нарматов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек Орунбаев, Кара-Кулжа районунун имамы Дастан Мамаев, мечиттин имамдары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана айыл тургандары катышты.

«Акыркы эки жылда каттоодон өтпөгөн мечиттерди өткөрүп жатабыз. Бул мечит каттоодон өткөн эски мечиттин ордуна курулуптур. Учурда 2,5 миңден ашуун мечит каттоодон өттү», - деди Исакбай Мурзабеков.

Ал эми Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек Орунбаев элди ынтымакка, биримдикке, адептүүлүккө жана биримдикке чакырды. Ошондой эле демөөрчүлөргө Ош облусунун мусулмандар казыяты тарабынан даярдалган белектерди тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×