Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусуКара-Кулжа району 10.12.2019 13:34 На русском

Кара-Кулжада мал уурдап жүргөн ага-ини кармалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Кулжа районунун аймагында мал уурулук менен алектенген ага-ини кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 30-ноябрда жана 7-декабрда Кара-Кулжа районунун аймагында мал уурдап жүрүшкөн бир туугандар колго түшүрүлгөн.

1-декабрь күнү Кара-Кулжа РИИБге Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Жаңы-Талап айылынын 1988-жылы туулган тургуну Ы.А. арыз менен кайрылып, 30-ноябрга караган түнү жайытта аркандалып турган бир баш үч жаштагы жылкысын уурдап кетишкенин билдирген. Анын арызы 1-декабрда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө 30-ноябрга караган түнү Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылынын 1991-жылы туулган тургуну К. уулу Ж. жана анын иниси 1997-жылы туулган К. уулу Б. азырынча ээси тактала элек «Форд Транзит» үлгүсүндөгү унааны башкарып, Ы.А.га таандык бир баш жылкыны жайытта аркандалып турган жеринен унаага жүктөп уурдап кетишкен жана Ош шаарындагы касапканалардын бирине өткөрүшкөн.

Бир туугандар Кара-Кулжа РИИБдин кызматкерлери тарабынан 2-декабрда колго түшүрүшкөн. Ы.А.га таандык болгон жылкы далил буюм катары алынган.

Ага-инилер ушундай эле жол менен башка 6 адамдын бодо малдарын дагы уурдашканы такталды. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр уурдалган малдын көпчүлүгүн Өзгөн районундагы тааныш адамдарга өткөрүп жүрүшкөндүгүн, алар малды союп, Ош шаарындагы эт сатуучу дүкөндөргө сатып жүрүшкөнүн билдиришкен. Баш коргоо чарасы катары К. уулу Б. бир айга, К. уулу Ж. эки айга камакка алынган.

Учурда шектүүлөргө уурдалган малдарды сатууга көмөктөшкөн адамдарды кармоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×