Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Ош облусуЧоң-Алай району 17.12.2019 10:00 На русском

Видео — Чоң-Алайда көл жоголуп, анын ордуна үйлөр курула баштады

Turmush -  Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Жекенди айылында 6-7 жыл мурда 17 гектар жерди ээлеген чоң көл бар болчу. Бирок учурда ал көл жок болуп кеткен. Жергиликтүү тургун Асан Кудретилла уулу айыл жаштары көлдүн жок болуп кеткенине нааразы болуп жатышканын билдирди.

Анын айтымында, тургундар жайында аталган көлдүн боюнда эс алышып, кышында муз тебишчү. Жашоочулар көл 25-30 адамдын кызыкчылыгы үчүн жок кылынганын айтып жатышат.

Жекенди айылынын башында суу агат. Ошол суу айылдын четиндеги жайык жерге агып келип, көл пайда болгон. Жекенди айылынын башчысы Мунажидин Галов бүгүнкү күндө көлдүн ордуна үйлөр курулуп, жер айдалып жатканын билдирди.

«6-7 жыл мурун айылдын көркүн ачкан көлдү 30дай адамдын кызыкчылыгы үчүн соолутуп, жок кылышты. Ал жерден ар бир жашоочуга 8 сотыхдан бөлүп беришкен. Жер астынан чыккан суу жайык жерге агып келип, топтолуп, ашыкча суулары сыртка агып турчу. Эми арадан бир топ жыл өткөндөн кийин айыл аксакалдары, жаштар көлдүн жок болуп кеткенине өкүнүп жатышат. Азыр айылдагы жаш балдар чаңга буланып ойношот. Убагында көлдү сактап калып, шарт түзүп, атайын тосмо менен тосуп, эс алуучу жайга айлантса болмок. Ошондо башка айылдан да эс алуучулар келишмек. Кышында жигиттер улак тартышмак. Анткени ал жер кышында аппак, жазында жапжашыл болуп, килем төшөп койгондой майданга айланчу. Азыр агып келген сууну сугатка пайдаланып жатабыз», - деди айыл башчы Мунажидин Галов.

Көлгө топтолгон суу жазында соолуп, жок болуп кетчү. Учурда аталган 17 гектар жер толугу менен айыл өкмөттүн балансына өтүп, жашоочуларга ижарага бөлүнүп берилген. Жумаш Садыкбаев да көлдүн ордунан жер тилкесин ижарага алып иштетип жатат.

«Агып келген сууну жазында башка айылдар сугатка пайдаланып, көл соолуп калчу. Ошондуктан анын орду жашоочуларга жер тилкеси катары ижарага бөлүнүп берилген. Мен 30 сотых жер алгам. Айыл өкмөткө жылына 1 гектар үчүн 570 сом ижара акы төлөйбүз», - деди Жумаш Садыкбаев.

Ал эми Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Жээнбек Колдошов аталган көл тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×