Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Ош облусуАраван району 19.12.2019 16:07 На русском

Араванда премьер-министрдин катышуусунда мектеп ачылды. Сүрөт

Turmush -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Араван районунун Тепе-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Кесов айылында курулган Момунжан Умаров атындагы орто мектептин ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, Ош облусунда жаңы окуу жылдын башынан бери 11 мектептин имараты пайдаланууга берилди.

Республикалык бюджеттен каржыланып курулган мектеп 225 окуучуга ыңгайлашкан. Имарат жана спорт залдын курулушу 2014-жылы башталган. Тендерди «Базис» ЖЧКсы жеңип алган. Мектептин сметалык баасы 36 млн сомду түзөт.

Аталган ректеп райондун борборунан 15 чакырым алыста жайгашкан. Мектептин эски имараты 1954-1984-жылдары курулуп, 200 окуучуга ыңгайлашкан. Учурда мектепте 320 бала өзбек тилинде билим алып жатышат.

Мектепте 1-4-класста — 150 окуучу, 5-9-класста — 117 окуучу, 10-11-класстарда — 53 окуучу окуйт. 25 мугалим эмгектенет. Алардын ичинен 21 мугалим жогорку билимдүү, бирөө жогорку билимге ээ боло элек, үчөө атайын орто билимдүү. 3 мугалим «Билим берүүнүн отличниги» наамына ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×